«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын күнөсканаларында бир жылдык гүлдөрдүн үрөнүн себүү иштери башталды.

Быйыл "Бишкекжашылчарбанын" кызматкерлери Бишкек шаарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн 1 000 600дөн ашык гүл өстүрүүнү пландап жатышат.

Адистер көчөттөрдү өстүрүп, жазында борбор калаанын гүлзарларына отургузушат. Гүлдөр ишкананын кызматкерлери тарабынан түзүлгөн жана тандалган долбоор боюнча отургузулат.

Эске салсак, былтыр борбор калаа бир миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр менен кооздолгон.