«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштерин улантууда.
Жарыктандыруу иштери Биринчи май районунун аймагындагы Бугу-Эне конушунда жүрүп жатат. 50 Вт кубаттуулуктагы 76 светодиоддук чырактар жана ошондой эле кронштейндер орнотулган.
Ошондой эле ишкананын кызматкерлери 2 чакырымдан ашык өзүн-өзү кармай турган изоляцияланган зымды өткөрүштү.
Урматтуу шаар тургундары! Көчөңүздө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын диспетчердик кызматы сиздер үчүн ар дайым кызматта: (0312) 46-30-89, 57-63-51, 0777 902-115 (WhatsApp).