Бишкекте №34 жана №146 автобус каттамдарынын схемасы өзгөртүлдү. Мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

№34 автобус Шоро компаниясынан жаңы автобекетке чейин узартылды. Ал эми №146 автобус Мыкан айылына жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, бул иш-чара шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана Мыкан айылынын тургундарынын бир нече жолу кайрылуусунан улам кабыл алынган.