Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгы тарабынан Ак-Өргө жаңы конушундагы Алыкулов көчөсү 25д дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 100 чарчы метр унаа жуучу жай түрүндөгү уруксатсыз салынган жеңил типтеги объект буздурулууда. Ошондой эле, аталган көчөнүн 26д дарегиндеги кеңейтилген 150 чарчы мерт темир тосмолор да алынды.

Башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барууда.

Мындан тышкары, мурда берилген эскертүүнүн негизинде Гагарин жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеңил типтеги конструкция буздурулду. Натыйжада 30 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоону суранабыз, эгерде эреже бузуу иштери катталса  Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертебиз!