Борбор калаадагы №70 мектеп-гимназиясына окуучулардын жеке буюмдарын, кийимдерин, бут кийимдерин жана керектүү формаларын сактоочу темир шкафтар берилди.

Тапшыруу аземине Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырова, Биринчи май районунун акими Сарылбек уулу Улан жана акимдин орун басары Айнура Арстамбекова катышты.

Окуу процессине жагымдуу шарттарды түзүү максатында Биринчи май району боюнча муниципалдык администрациясы эмеректерди алууга 2,5 млн сом өлчөмүндө каражат сарптаган.

Белгилей кетсек, жалпы суммасы 2 млн 499 миң сомго 119 темир шкаф (4 секциядан турган) сатылып алынган. Ар бири 21 000 сомду түзөт.