Бишкек шаарынын муниципалдык транспортунда жол кирени накталай эмес төлөө системасы иштейт.
Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук муниципалдык транспорттордо жол кире акысы көтөрүлөт.
Жол кире акысы төмөнкүдөй болот:
- Троллейбуста - 17.00 сом;
- Автобуста - 17.00 сом;
- Маршруткаларда - 20.00 сом;
- валидаторлор орнотулган автобус жана троллейбустарда накталай төлөм 20 сомду түзөт.
Ошол эле учурда, шаар тургундары MegaPay колдонмосунун жардамы менен төлөсө, жол кире акысы 11 сомду түзөт. Транспорттогу QR кодун сканерлөө менен төлөнөт.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы MEGA мамлекеттик компаниясы менен меморандум түзгөн, ошондой эле башка кызыкдар компаниялар менен кызматташууну пландап жатат.