Райондук акимчиликтерде балдар иштери боюнча комиссиялардын жыйындары уланууда.

Биринчи май акимчилигинде өткөрүлгөн отурумга акимдин  орун басары Айнура Арстамбекова,   билим берүү борборунун өкүлдөрү, ҮМБ, психологдор жана социалдык кызматкерлер, өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, SOS Балдар айылы коомдук фондунун, «Элим барсыңбы» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү  катышты.

Райондогу балдардын жашоосунун ар кандай маселелери, укук бузуулар, оор үй-бүлөлүк кырдаалдар, үй-бүлөлөрдү бириктирүү жана фостердик   үй-бүлөлөргө жайгаштыруу маселелерине тиешелүү 9 материал каралды. Жыйындын жүрүшүндө каралган ар бир маселе боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Комиссиялардын жыйындары жума сайын өткөрүлүп турат, алар балдарды коргоо чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди чечүүгө системалуу мамилени камсыз кылат.  
Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, райондордун балдарды жана үй-бүлөнү колдоо боюнча тынымсыз телефонуна кайрылыңыз:

- Биринчи май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.

Балдарга жардам көрсөтүү борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.

Биринчи май районунун муниципалдык администрациясы коомдук уюмдар жана жарандык коом менен биргеликте балдардын коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыз кылууга дайыма даяр турат.