«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы ачык коллектордук-дренаждык түйүндөрдү кол менен жана механикалык түрдө тазалоо иштерин Свердлов жана Биринчи май райондорунда жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек ишкананын  кызматкерлери Ала-Арча дарыясын кол менен жана механикалаштырылган түрдө тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Дарыянын жээгинде куурап калган бадалдарды жана бак-дарактарды кыюу, камыштарды жана башка отоо чөптөрдү чабуу иштери аткарылууда.

Мындан тышкары “Бишкек суу чарба” муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк иштердин планына ылайык, шаардын кургак жана суусу аз аймактарын мындан ары сугат суу менен камсыз кылуу үчүн шаарга жаңы жаңы 3-скважинны  бургулоодо.

Урматтуу шаардыктар!  Коллектордук-дренаждык тармактарга таштанды таштабоону, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.