Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасында көчмө жыйын өткөрдү.
Шаар мэри спорттук жай менен таанышты.
Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча төмөнкү тапшырмалар берилди:
- аренанын имаратын муниципалдык менчикке өткөрүү долбоорун ишке ашырууну тездетүү;
- «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы кичи аренанын эскизинин долбоорун иштеп чыгуусу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти аренанын аймагындагы кыймылсыз мүлктүн мыйзамдуулугун текшерүүсү;
- өз аймагында жашыл зоналарды реабилитациялоо боюнча талдоо жүргүзүү жана бардык зарыл чараларды көрүү.