“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Бейшенбаев Уланбек Бекежанович Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.