Борбор калаанын мэриясы 2024-жылдын 16-январында Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин директору У.К.Уезбаевге карата Бишкек шаардык сотунун чечиминин көчүрмөсү келип түшкөндүгүнө байланыштуу,  мэр А.Дж. Джунушалиев  У.Уезбаевдин берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы Улан Уезбаев жогоруда айтылган департаменттин директору болуп 2023-жылдын ноябрында дайындалганын, дайындоо учурунда  Биринчи май райондук соту тарабынан У.К. Уезбаев жеке айыптоо  кылмыш иши боюнча күнөөлүү эмес деп табылганын билдирет.