Бишкек шаарында 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт.

Өз кезегинде тарифтердин көтөрүлүшү автобустарда жана троллейбустарда бекер жүрүүгө укугу бар Бишкек шаарынын төмөнкү категориядагы жарандарына таасирин тийгизбейт:
- пенсионерлер;
- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, I, II, III топтогу майыптар;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
- 7 жашка чейинки балдар;
- өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн "Кыргызпочтасы" мамлекеттик почта ишканасынын почтальондору.

Ошондой эле, Бишкек шаарындагы пенсионерлер үчүн кичиавтобустук каттамдарда пенсиялык күбөлүккө жеңилдетилген  картасы бар болсо, жол кире акысы 8 сом өлчөмүндө сакталып, бирок колдонуу мөөнөтү 9:00дөн баштап 17:00го чейин кыскартылды.