Бишкек шаарында Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Уран Мусаевдин катышуусунда А. Масалиев көчөсү, 32/2 дарегинде өз билемдик менен салынган ашкана буздурулду.
Жеринде Башкармалыктын кызматкерлери жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары менен биргеликте иш алып барышты.
Иштин жүрүшүндө 406 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду. Буга чейин жогоруда аталган объектинин өкүлдөрүнө мыйзам бузууларды жоюу жана муниципалдык аймакты бошотуу тууралуу билдирүү берилген.
Мындан тышкары, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү сулуулук салону түрүндөгү объектинин кеңейтилген тарабы өз ыктыяры менен буздурулууда.
Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоону суранабыз, эгерде, эреже бузуу иштери катталса Бишкек шаарынын мэриясы мыйзам чегинде чара көрөт!