Бишкек мэриясы КР Энергетика министрлиги менен биргеликте «Бишкексельмаш» отканасын модернизациялоо жана пайдаланууга берүү боюнча долбоорду карап жатат.

Откана Бишкек мэриясынын балансында турат жана учурда Энергетика министрлиги, инвесторлор тарабынан техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, ЖЭБ-1 тармактары менен «Бишкексельмаш» буу казанынын ортосунда көпүрө куруу үчүн техникалык коридор каралууда.

«Бишкексельмаш» отканасын ишке киргизгенден кийин «Бишкексельмаш» тармактарын Бишкек жылуулук магистралдык тармактары менен ЖЭБ-1ден туташтыруу керек болот.

Бул долбоорду ишке ашыруу учурунда 300 мегаватт жылуулук энергиясын жана 200 мегаватт электр энергиясын иштеп чыгуу пландаштырылууда.