Бишкек шаарындагы айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде жаңы автобекет иштеп жатат.

Автобекетти маршруттук таксилер тейлейт, алар жарандарды аймактарга ташыйт. Бүгүнкү күндө 5 ташуучу компания (100дөн ашык машина) автовокзал менен кызматташып жатат:
- «Ардагер Транс Сервис» ЖЧКсы (Бишкек-Жети-Өгүз);
- «Тоң-Бишкек» ЖЧКсы;
- «Чон Ак-Суу» ЖЧКсы;
- «Таңкы Жол» ЖЧКсы;
- «Нурлан плюс»  ЖЧКсы (Бишкек-Түп).

Өз кезегинде аймактарга келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн шаардык каттамдар  уюштурулуп, аларды «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт. Каттамда  №211, №123, №104, №285 кичиавтобустар жана №146 автобус иштеп жатат.