Октябрь акимиатында райондук жетекчиликтин төрагалыгы алдында жыйын болуп, анда МАБ башчылары жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын инспекторлору өткөн жылдын 6 айында аткарылган иштер боюнча отчет беришти.
Алсак, район боюнча абоненттик база 8000ден ашык абонентке көбөйгөн, өсүү динамикасы чарбакер субъекттер боюнча да байкалган, бул 1300дөн ашыкты түзөт.
Белгилей кетсек, ЭкоБишкек маалымат базасына ылайык өткөн жылы 1336 чарбакер субъектилерде муниципалдык кызматкерлер тарабынан келишимдердин бар-жоктугун аныктоо, ошондой эле турак жай-коммуналдык чарба тармагынын муниципалдык ишканалары менен келишим түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ишти ушундай эле темпте улантуу, ошондой эле жаңы көп кабаттуу үйлөр жана чарбалык объекттер менен келишимдерди макулдашуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.