Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүн контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күн сайын күрөшүп келет.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө таштанды туура эмес жерлерге ташталган учурлар аныкталды.
Ошентип, белгиленбеген жерге күл чыгаргандыгы үчүн (Бобулов/Рыскулов көчөлөрүнүн кесилиши) Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесине ылайык, Б.Т. Жолдошевге карата протокол түзүлүп, 7 500 сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, ушул эле берене боюнча Ш.А. Жусуповго карата туура эмес жерге (Рыскулов/ Кулиев көчөлөрүнүн кесилиши) күл чыгаргандыгы үчүн протокол түзүлгөн.
Муниципалдык инспекция тарабынан белгиленбеген жерлерге таштанды таштабоо боюнча түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп турат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесине ылайык, таштандыларды туура эмес жерге таштоо жана өрттөө үчүн эсептик көрсөткүчтүн 55тен 230га чейинки (5500дөн 23000 сомго чейин) өлчөмүндө айып пул каралган.
Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын аймагында тазалыкты жана тартипти сактоону суранабыз. Инспекциянын иши боюнча суроолор болсо төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
- Свердлов району боюнча: 0990 880 057;
- Октябрь району боюнча: 0555 906 602;
- Биринчи май району боюнча: 0551 551 745;
- Ленин району боюнча: 0550 070 505.