Кечеге акын-жазуучулар, К.Бобуловдун достору, туугандары, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик тил боюнча адистери, шаардык китепканалардын кызматкерлери, мектеп мугалимдери, К.Бобулов атындагы адабий клубдун мүчөлөрү, студенттер жана окуучулар катышты.
К.Бобуловдун замандаштары жана достору анын эгемендүү Кыргызстандын түптөлүшүнө жана мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилешти. Иш-чарада К.Бобуловдун коомдук ишмердиги жана чыгармачылыгы жөнүндө слайд-шоу көрсөтүлүп, анын ырлары окулду.
Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова К.Бобулов атындагы адабий клубдун мүчөлөрүнө, К.Бобуловага жана №2 Ж.Турусбеков атындагы шаардык китепкананын жетекчиси К.Адыловага мактоо баракчаларын тапшырды.