Биринчи май районунда социалдык маанидеги жана өзгөчө коркунучтуу оорулар боюнча координациялык кеңеш болуп өттү.

Вирустук оорулар боюнча эпидемиологиялык абалды эске алуу менен район башчысы Сарылбек уулу Уландын төрагалыгы алдында саламаттыкты сактоо өкүлдөрүнүн, жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун катышуусунда координациялык кеңешме өткөрүлдү.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер көтөрүлдү:
- курч респиратордук вирустук инфекциялар, сасык тумоо жана COVID-19 оорусу боюнча эпидемиологиялык абал;
- 2020-2024-жылдарга «Иммунопрофилактика» программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын алкагында иммунопрофилактика. КР саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 3-мартындагы № 276 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына ылайык эмдөө (кызылча, кызамык, менингит);
- АВС вирустук гепатиттери.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча райондун билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында ооруга мониторинг жүргүзүү жана санитардык агартуу иштерин күчөтүү тапшырылды.

Мындан тышкары, ИИМдин жана УКМКнын өкүлдөрү жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен биргеликте терроризм актысы тууралуу жалган маалыматтарды алдын алуу максатында мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча маалымат иштерин жүргүзүштү. Жашы жете элек балдардын укукка каршы аракеттери үчүн жоопкерчилик тууралуу ата-энелер коомчулугуна ушундай түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.

Алсак, Биринчи май райондук ИИБнын маалыматына караганда, жыл башында бомба тууралуу 71 билдирүү түшкөн. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилиги 16 жаштан башталат.