Бишкек шаарында унаа тыгындарын жоюу боюнча рейд уланууда, анын себептеринин бири унаалардын туура эмес токтотулушу болуп саналат.

Иш-чарага шаардык кызматтардын, борбор калаадагы МККБнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлдөрү катышууда.

Бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз улантылып, акырындык менен борбордук көчөлөрдөгү бардык башаламан унаа токтотуучу жайлар жоюлат.

Белгилей кетсек, алынган унаалардын ээлери эвакуатордун кызматына -1250 сом, унаа токтотуучу жайга 100 сом, административдик айыпка 1000 сом төлөшү керек.

Урматтуу шаар тургундары, унаа сүйүүчүлөр! Унааларды уруксат берилбеген жайларга токтотпоону суранабыз, антпесе муниципалитет эвакуациялоо чараларын көрүүгө, ошондой эле айып пул салууга мажбур болот.