Шаардык муниципалитетте мэрдин  биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковдун  жана Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исмановдун төрагалыгы алдында  административдик-аймактык реформаны пилоттук режиминде борбор шаардын дэңгээлинде ишке ашыруу боюнча биринчи кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешмеге Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун башчылары, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк  бөлүмдөрүнүн башчылары, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун  акимиаттарынын  жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү  катышышты.

КРнын Президентинин  “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Бишкек шаарынын мэринин тескемеси менен Бишкек шаарынын  администрациялык райондорун ирилештирүү /оптималдаштыруу боюнча административдик-аймактык  реформаны пилоттук режимде  жүргүзүү,    тийиштүү  чечимдерди иштеп чыгуу боюнча   комиссия жана жумушчу топтор түзүлгөн.

Кеңешменин жүрүшүндө    административдик-аймактык реформаны биргелешкен аракеттер менен аткаруудагы маселелер талкууланды.

Административдик-аймактык реформанын негизги максаты региондордун социалдык-экономикалык жана табигый-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде айыл аймактарында жана шаарларда социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, башкарууда түзүмдүк өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, калктын бакубатуулугун камсыздоо болуп саналат.