Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Бишкектеги бир тараптуу кыймыл схемасына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө.
2024-жылдын 13-январынан тартып Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү бир тараптуу болот. Учурда тиешелүү жол белгилери орнотулууда.
Эскерте кетсек, 8 көчөдө бир тараптуу кыймыл уюштурулуп, 2 көчө эки тараптуу болот.
Ошентип, төмөнкү көчөлөр бир тараптуу болот:
- Н.В. Гоголь көчөсүндөгү жол тилкеси Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);
- А. Сүйүмбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейин (түштүктөн түндүккө);
- Ж. Турусбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө);
-Т. Үмөталиев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки жол тилкеси (түндүктөн түштүккө);
2024-жылдын 14-январынан баштап:
- И. Раззаков көчөсүндөгү жолдун Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө);
- А.Орозбеков көчөсүндөгү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки жол тилкеси (түштүктөн түндүккө).
Ошондой эле, дагы 2 көчөнүн тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат:
- К. Акиев көчөсүндөгү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки жол тилкеси (түштүктөн түндүккө);
- К.Тыныстанов көчөсүндөгү жолдун М. Фрунзе көчөсүнөн Ж. Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө).
Эки тараптуу кыймыл уюштурулат:
- Т. Кулатов көчөсүнүн И. Панфилов көчөсүнөн Я. Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Ю. Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Транспорт департаменти жогорудагы өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну, жолдордо этият болууну жана жол эрежелерин сактоону суранат.