Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май административдик району боюнча муниципалдык жер амнистиясына кирген объекттер боюнча арыздарды кабыл алуу иштери улантууда.
Биринчи май рйонунда жарандардын мүлктүк укуктарын мамлекет тарабынан камсыз кылуу максатында жер амнистиясын ишке ашырууну жөнгө салуучу «Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мунапыс объектилерине арыздарды кабыл алуу улантылып жатканын эске салабыз.
Арызды тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- арыз ээсинин - жеке жактын өздүгүн ырастоочу документтеринин көчүрмөсү же юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жер участогуна укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо);
- техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;
- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;
- объектти сатып алуу фактысын ырастоочу документтер (бар болсо) (жерге мунапыс объектисин сатып алууну ырастоочу документтер же тиешелүү дүмүрчөктөр, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдүн дүмүрчөктөрү, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр, ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер);
- калктуу конуштардагы жер участокторуна чектеш жерди пайдалануучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу.
Урматтуу шаардыктар, документтерди тапшыруу үчүн Туңгуч кичирайону, 57 дарегинде жайгашкан Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментине күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылыңыздар.