Бишкек шаарынын делегациясы расмий иш сапары менен Кытай Эл Республикасынын Чанша шаарында.

Делегациянын курамында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, КР Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти Улан Бакиров жана журналисттер тобу бар.

Иш сапардын алкагында Чанша шаарынын элдик өкмөтүнүн орун басары Gao Wenqi менен жолугушуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаарларды өнүктүрүү маселелерин, соода-экономикалык, маданий жана социалдык чөйрөлөрдө кызматташуунун келечегин, ошондой эле Бишкектин Чанша шаарынын технологияларын колдонуу менен инфраструктура тармагында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары, эки шаардын өкүлдөрү Чанша менен Бишкектин ортосунда бир тууган шаар байланыштарын түзүү боюнча келишим түзүү ниетин билдиришти.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэринин орун басары жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, тараптар шаарлар ортосундагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө ишенимин билдиришти.