Хунань айлана-чөйрөнү коргоо боюнча «Хунань Цзюнсин» компаниясы Бишкек шаарына эки таштанды ташуучу унааны акысыз гранттык негизде өткөрүп берди. Бишкекке атайын техника жакын арада келет.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы жана «Хунань Цзюнсин» компаниясы кызматташтык тууралуу алкактык келишимге кол коюшкан.

Өз кезегинде катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү заводун куруунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык күчүн жумшоодо.