Бишкек шаарынын мэриясынын делегациясы Чанша шаарындагы (Кытай Эл Республикасы) Хунань айлана-чөйрөнү коргоо боюнча «Хунань Цзюнсин» компаниясына барды.

Делегациянын курамына Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, КР Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти Улан Бакиров, ошондой эле журналисттер тобу кирди.

Коноктор «Хунань Цзюнсин» компаниясынын калдыктарынын транспорттук-логистикалык комплексин көрүп, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарды утилдештирүү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышышты.

«Хунань Цзюнсин» компаниясы – бул катуу тиричилик таштандыларын утилдештирүү, шаардык саркынды сууларды тазалоо, полигон фильтраттары, күл жана башка таштандылар менен алектенген улуттук жогорку технологиялык ишкана.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы жана «Хунань Цзюнсин» компаниясы кызматташтык тууралуу алкактык келишимге кол коюшкан.

Мындан тышкары, эки таштанды ташуучу унааны Бишкек шаарына акысыз гранттык негизде өткөрүп берүү расмий аземи болуп өттү. Жакында Бишкекке атайын техника келет.

Белгилей кетсек, шаардык мэрия экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык күчүн жумшоодо. Азыркы учурда катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү заводун куруунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.