Ленин районундагы Алтымышев көчөсү Ш.Руставели көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин жана Т. Тыныбеков көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейин (түндүк тарабы) "Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасы тарабынан Б-3-2 маркасындагы 653 погондук метр ирригациялык лотоктор орнотулуп жатат.

Белгилей кетсек, бул лотоктор секундасына 40-50 литрге чейин суу агызып, жашыл аянтты сугаруу үчүн керектүү көлөмдөгү сууну камсыздай алат.

Урматтуу шаардыктар! Магистралдык каналдарга, дренаждык жана ирригациялык тармактарга таштанды таштабоону жана шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.