Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен техника жеткирүү маселеси ыкчам чечилди.
«Тазалык» жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканалары үчүн жаңы атайын техника сатып алынды.
«Тазалык» муниципалдык ишканасы үчүн борбор калаанын көчөлөрүндө карды тазалоо боюнча техника сатылып алынды. Сатып алуу үчүн каражат Бишкек мэринин резервдик фондунан бөлүнгөн. Биринчи партия борборго алынып келинип, ишке киришти.
Мындан тышкары, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына КАМАЗ самосвалы, Hyundai экскаватору, ошондой эле 18 метрлик ISUZU автовышкасы жана 22 метрлик HOWA автовышкасы сатып алынган.