Бишкекте 2013-2015-жылдары туулган жаштар арасында футзал боюнча “Мекеним” турнири башталды.
Ачылыш аземге БШКнын депутаты Айбек Ашимов жана шаардык мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаментинин директору Жоомарт Шамканов катышты.
Мелдештер футболду өнүктүрүү жана жайылтуу максатында өткөрүлөт. Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурууда.
Белгилей кетсек, оюнчуларга спорттук рюкзактар берилди. Турнирге 24 команда катышууда.