Бишкек шаарында Жаңы жылдык иш-чаралардын алкагында 2023-жылдын 30-декабрында саат 15:00дөн 2024-жылдын 1-январынын таңына чейин борбордук Ала-Тоо аянты жабылды.
Унаа кыймылы Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин токтотулат.
Ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул милиция башкармалыгынын 105 кызматкери жеринде нөөмөттө болот.
Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт жана көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну, ошондой эле каттамыңызды алдын ала пландап алууну суранат.