Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти коомдук транспорттун пландык чыгуусун, бекитилген кыймыл чиймесин сактоо боюнча рейд жүргүзүүдө.

Рейдке “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы, Бишкек троллейбус башкармалыгы, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери,  жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын кызматкерлери катышууда.

Аталган иш-чара коомдук транспорттогу тейлөө сапатын жакшыртууга багытталып, кечки 18:00дөн 23:30 га чейин
уланууда.

Белгилей кетсек мындай иш чара күн сайын өткөрүлөт.