Октябрь районунда бир нече айдан бери катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн төлөм боюнча талаш-тартыштар жаралган.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 14-июнунда Октябрь районунун администрациясы катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча «БишкекВторРесурс» жеке ишканасы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу бузган.
Келишимдин бузулушуна комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгы себеп болгон.
Сөз болуп жаткан ишкана таштандыны өз убагында чыгара албай жатканы аныкталып, тургундардан да арыздар түшкөн. Ошентип, Октябрь районундагы катуу таштандыларды чыгаруу иши «Тазалык» муниципалдык ишканасына тапшырылды.
Бирок, «БишкекВторРесурс» ишканасынын өкүлдөрү жогорудагы чечимге макул болбой, райондук сотко кайрылышкан. 2023-жылдын 18-августунда муниципалитеттин пайдасына чечим чыгарылган. Жеке ишкана тарабынан Октябрь райондук сотунун чечимине каршы даттануу кайрадан Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн.
2023-жылдын 7-декабрындагы Бишкек шаардык сотунун аныктамасы менен «БишкекВторРесурс» ишканасынын апелляциялык арызы канааттандырылган эмес. Сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Ошентип, жогоруда аталган ишкана тарабынан Октябрь районунун жашоочуларынан катуу таштандыларды чыгаруу үчүн квитанцияларды берүү жана акча алуу мыйзамсыз.
Урматтуу райондун тургундары! Таштанды чыгаруу үчүн “Тазалык” муниципалдык ишканасына төлөөңүздөрдү суранабыз.
Кошумча суроолор боюнча ишкананын кардарларды тейлөө бөлүмүнө кайрылсаңыз болот: 0312 34 48 41.