Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Айбек Джунушалиев менен Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради мырзанын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Бишкек менен Сауд Аравиянын шаарларынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташуу, анын ичинде эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоо маселелери талкууланды.

Келе жаткан 2024-жылы Бишкек шаары менен Эр-Рияд шаарынын ортосунда кызматташууну түзүү боюнча келишимге кол коюу пландалууда.

Жолугушуу жылуу, достук маанайда өттү.