Оор атлетика боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин тарбиялануучулары Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу В.Ю. Пактын жаркын элесине арналган ачык турнирге катышышты.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча спорт мектептин тарбиялануучулары 10 медалга ээ болушту:
Арсен Омуржанов (55 кг салмакта) – 1-орун;
Талант Туратбеков (67 кг салмакта) – 1-орун;
Нурланбек уулу Нурчолпон (73 кг салмакта) – 1-орун;
Жайлообек уулу Азамат (81 кг салмакта) – 1-орун;
Курбанахун уулу Дилмурад (81 кг салмакта) – 1-орун;
Айтегин Жолдошкулов (89 кг салмакта) – 1-орун;
Рыскелди Алишеров (89 кг салмакта) – 1-орун;
Арслан Молдодосов (55 кг салмакта) – 2-орун;
Мухамед Миназаров (102 кг салмакта) – 2-орун;
Курбанбек кызы Айдай (59 кг салмакта) – 2-орун.
Белгилей кетсек, турнир 2023-жылдын 18-декабрынан 25-декабрына чейин Кокшетау шаарында (Казакстан) өткөн. Максаты спортчулардын ортосундагы достукту чыңдоо жана жаштар арасында оор атлетиканы жайылтуу болуп саналат.