Борбор калаанын муниципалитетинде түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин ортосундагы борбор калаанын мэринин Кубогунун жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев командаларды жеңиши менен куттуктап,  кубок жана медалдарды тапшырды.

Белгилей кетсек, мелдеш кичи футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, сууда сүзүү жана аркан тартыш боюнча өттү.

Мелдешке Бишкек шаарынын мэриясынын жана борбордук аппараттын карамагындагы 32 мекеменин ичинен 21 мекеменин спортчулары катышты.

Шахмат боюнча мелдештин жеңүүчүсү болуп Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын командасы жана стол тенниси боюнча «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын командасы аныкталды.

Бильярд боюнча ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы,  сууда сүзүү боюнча Бишкек шаарынын  мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери биринчи болушту. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү волейбол жана дартс боюнча алтын байгеге ээ болушту.

Өз кезегинде аркан тартыш жана кичи футбол боюнча 1-орунду ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын командасы ээледи.