Свердлов районунун Келечек конушунда кичи футбол аянтчасынын  ачылыш аземи   өттү.

Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан кичи футбол аянтчасынын курулушу аяктады.  Жалпы аянты 968 чарчы метрди түзөт. Курулушту "Дрим Строй" ЖЧКсы подряддык уюму жүргүзгөн.

Ачылыш аземге ЖКнын депутаты Шайлообек Атазов, Свердлов районунун башчысы Алтынбек Кутманов, Бишкек шаарынын мэриясынын ККБсынын начальниги Абдыжапаркул Жанболотов жана конуштун тургундары катышты.

Иш-чаранын алкагында футбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага 6 команда катышты: "Ак Бата", "Бакай-Ата", "Келечек-1", "Келечек-2", "МТУ-18", "Ак-Тилек".
Мелдештин жыйынтыгы төмөнкүдөй:
1-орун - " Келечек-2 "(30 миң сом)
2-орун - " МТУ-18 "(20 миң сом)
3-орун - " Ак-Тилек "(10 миң сом)

Ошондой эле мыкты оюнчуга, мыкты дарбазачыга жана мыкты чабуулчуга акчалай сыйлыктар тапшырылды.