Свердлов районунун башчысы Алтынбек Кутманов "Келечек" конушундагы бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Текшерүүгө №21 МАБнын кызматкерлери, акимиаттын кызматкерлери жана аппарат жетекчиси катышты.
Учурда ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Бала бакча 100 балага арналган. Бир кабаттуу имараттын жалпы аянты 1314,14 м2, ал эми участоктун аянты 0,44 га.
Белгилей кетсек, имаратта оюн бөлмөсү, буфет, ашкана, таркатма бөлмө, уктоочу бөлмө, даараткана, кабыл алуу бөлмөсү, медициналык, жетекчинин кабинети, музыкалык жана спортзал, методисттин кабинети, ошондой эле кызматтык жана техникалык бөлмөлөр каралган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында район башчысы имараттын жылуулук изоляциясын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.