Өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстандын борборунда жаңы жылдын алдында салтка айланган «Santa Run» жеңил атлетикалык жарышы өттү.

Жарыштын ачылыш аземине мэрдин орун басары Виктория Мозгачева катышты.

Белгилей кетсек, майрамдык жарышта жеңүүчүлөр аныкталган жок жана ар бир финишчи медаль алды. 900гө жакын спорт күйөрмандары 2 км, 4 км жана 6 км аралыкты басып өтүштү.

Спорттук иш-чаранын уюштуруучусу «NOMAD SPORT» болду.