Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиевдин катышуусунда " Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 44-беренелерине ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Ленин, Биринчи май, Свердлов, Октябрь райондорунун, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана башка муниципалдык кызматтардын жетекчилеринин отчеттору  угулду.
Жыйындын соңунда төмөнкү тапшырмалар берилди: инфраструктуралык объектилерге ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жеткиликтүүлүгүн талдоо; талаптарга ылайык керектүү жерлерге пандустарды орнотуу; бардык лифттерге жана жер астындагы өтмөктөргө кызматтык иликтөө жүргүзүү; бар пандустардын жана лифттердин шайкештигине талдоо жүргүзүү; аткарылган иштерге аналитика жүргүзүү.
Төрт райондун жетекчилерине Бишкек шаарындагы пандустарды орнотуу боюнча талаптарды жана көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын муктаждыктарын эске алуу менен коомдук жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу, анын ичинде аялдамаларды жана каттамдардын номерлерин эскертүүчү автоматташтырылган үн системасын орнотуу талкууланды.
Жыйынга «Келечек плюс», «Нью Эйдж» жана «Союз людей с инвалидностью» коомдук фонддорунун өкүлдөрү катышты.
Калаа башчысы райондук мамлекеттик администрациялардын акимдерине жана шаардык кызматтардын жетекчилерине "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" КР мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди күчөтүүнү тапшырды.