Свердлов районунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин инновациялык борборунда интерактивдүү панелдерди сатып алууга сертификаттарды тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Свердлов районунун башчысынын орун басары  Асель Сыдыкова райондун  мектептерине жана балдар чыгармачылык борборуна интерактивдүү панелдерди сатып алууга сертификаттарды тапшырды.

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында окутууга заманбап инструменттер киргизилип жатат, алар окуучулардын сабакка кызыгуусун, катышуусун жогорулатууга жардам берет. Мындай куралдардын бири интерактивдүү панель.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн интерактивдүү панелдердин бардык функцияларын жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча тренинг өткөрүлдү.

Асель Сыдыкова бул панелдер заманбап стандарттарга жооп бере турган сабактарды өткөрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, бүтүрүүчүлөрүбүздү алдыдагы бардык экзамендерге даярдоого, анын ичинде атайын сертификаттарды алууга жардам берет деген ишенимин билдирди.