Чымкент шаарында (Казакстан) О.В.Фелинскаянын жаркын элесине арналган кадеттер жана өспүрүмдөр арасында фехтование боюнча эл аралык турнир болуп өттү.

Мелдешке «Дельфин» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышты.

Турнирдин жыйынтыгында спортчулар 8 медалга ээ болушту:

Эркектер арасында шпага (өспүрүмдө) жекече мелдеште:
- Барсбек Райымбеков – 3-орун.

Эркектер арасында шпага (кадеттер) жекече мелдеште:
- Барсбек Райымбеков – 1-орун;
- Даниил Лепихов – 2-орун.

Эркектер арасында (өспүрүмдөр) командалык мелдеште:
- Барсбек Райымбеков, Даниил Лепихов, Акмал Мойдунов – 3-орун.

Эркектер (кадеттер) арасында командалык мелдеште:
- Барсбек Райымбеков, Даниил Лепихов – 2-орун.

Кыз-келиндер арасындагы жекече мелдеште (өспүрүмдөр):
- Акак Кеңешова – 3-орун.

Кыз-келиндер арасындагы шпага (өспүрүмдөр) командалык мелдеште:
- Акак Кеңешова, Мария Перелюбская, Медина Жеңишбекова – 3-орун.

Кыз-келиндер (кадеттер) арасындагы командалык мелдеште:
- Мария Перелюбская, Сайора Саратова – 3-орун.