Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинде кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Аталган департаменттин директору болуп Маткулов Санжар Жапарбекович дайындалды. Буга чейин ал директордун орун басары болуп иштеген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.