Бишкекте №6 автобустун кыймылы өзгөрдү. Мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Эми автобус Ак-Ордо конушунан Көк-Жар кичи районуна, андан ары Рухий-Мурас жаңы конушун көздөй барат.

Белгилей кетсек, бул иш-чара шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана Ак-Ордо конушунун тургундарынын бир нече жолу кайрылуусунан улам кабыл алынган.

Буга чейин аталган каттам Гагарин көчөсүнөн Рухий-Мурас жаңы конушуна чейин каттап келген.