Бишкек шаарында унаа тыгындарын жоюу боюнча рейд уланууда, анын себептеринин бири унаалардын туура эмес токтотулушу болуп саналат.

Иш-чарага шаардык кызматтардын, борбор калаадагы МККБнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлдөрү катышууда.

Белгилей кетсек, бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз улантылып, акырындык менен борбордук көчөлөрдөгү бардык башаламан унаа токтотуучу жайлар жоюлат.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, башаламан унаа токтоочу жайларды жоюу боюнча иштерди күчөтүү максатында, биринчи этапта 10 даана эвакуатор сатып алуу пландаштырылууда, алар борбор калааны туура эмес токтотмолордон тазалоо боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы менен биргеликте иш алып барат.

Алынган унаалардын ээлери эвакуатордун кызматына -1250 сом, унаа токтотуучу жайга 100 сом, административдик айыпка 1000 сом төлөшү керек.

Урматтуу шаар тургундары, унаа сүйүүчүлөр! Унааларды уруксат берилбеген жайларга токтотпоону суранабыз, антпесе муниципалитет эвакуациялоо чараларын көрүүгө, ошондой эле айып пул салууга мажбур болот.