Борбор калаада “Мектеп лигасы” программасынын алкагында 2023-жылдын 14-декабрынан 18-декабрына чейин  улуттук жана стол үстүндөгү спорттун түрлөрү боюнча олимпиядалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин  спорт базасында  шахмат боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Турнирге Биринчи май районунан 60ка жакын бала (10 команда) катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында эң мыктылар:
1-орун – №6 мектептин командасы;
2-орун – №70 мектептин командасы;
3-орун – №61 мектептин командасы.

Кыздар арасында:
1-орун – №61 мектептин командасы;
2-орун – №70 мектептин командасы;
3-орун – №6 мектептин командасы.

Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери кубок, медалдар жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Мелдештин уюштуруучусу - Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти.