Айлампа кыймыл Бишкек ШИИББнин кайгуул милиция башкармалыгынын сунушу менен аталган кесилиште авариялык абалды азайтуу максатында орнотулду.


«Бишкекасфальтсервис» МИ Бишкек башкы архитектура тарабынан даярдалган схеманын негизинде 25 темир тосмо орнотуп, жол белгилерин түшүрдү.


«Бишкекжарык» МИ аталган жерге 4 чырагы менен тышкы жарыктандыруунун түркүгүн орнотту.


Ал эми кайгуул милициясы алгачкы күндөрү аталган жолго нөөмөт уюштурат.