Борбор калаада көркөм гимнастика боюнча шаардык биринчилик өттү.
Ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамканов, КР Көркөм гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарова жана Бишкек шаарынын көркөм гимнастика федерациясы президенти Евгения Быковская катышты.
Белгилей кетсек, мелдеш 16-17-декабрь аралыгында "Газпром-Балдар" спорттук эс алуу борборунда 100 гимнасттын катышуусунда өттү. Турнирдин жыйынтыгында орундар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:
2011-жылы туулган гимнасттардын арасында:
1-орун – София Ярова;
2-орун – Алия Жантаева;
3-орун – Милана Копылова.
2010-жылы туулган гимнасттардын арасында:
1-орун – Злата Аркатова;
2-орун – Саяна Сарынжиева;
3-орун – Дарья Сорокина.
2009-жылы туулган гимнасттардын арасында:
1-орун – Арина Газиева;
2-орун – Элима Абдималикова;
3-орун – Ангелина Есикова.
2008-жылы туулган гимнасттардын арасында:
1-орун – Александра Удодова;
2-орун – Чолпон Шайлобекова;
3-орун – Саадат Кулматова.
2007-жылы туулган гимнасттардын арасында:
1-орун – Елизавета Голинко;
2-орун – Майя Маркелова;
3-орун – Салима Акматова.
2009-2011-жылдары төрөлгөн гимнасттардын тайпалык көнүгүүлөрү боюнча:
1-орун – «Олимп» спорт мектеби;
2-орун – “Ынтымак-2” спорт мектеби;
3-орун – “Үй-бүлөлүк спорт”.
Топтук көнүгүү боюнча 2008-жылы туулган жана андан улуу гимнасттардын арасында:
1-орун – “Ынтымак-1” спорт мектеби.
Турнир Кыргызстанда көркөм гимнастиканы өнүктүрүү жана жайылтуу жана спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.
Мындан тышкары, Аяна Токушовага, Рухшана Абдыкахаровага, Аруука Молдодосовага, Эльнура Максытовага, Назик Куттубаевага жана Дарья Ворошилинага спорт чеберине талапкерлердин күбөлүктөрүн тапшыруу аземи болду.
Спорттук иш-чаранын уюштуруучулары – борбордун мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы, КР Көркөм гимнастика федерациясы жана Бишкек шаардык көркөм гимнастика федерациясы.