Кышында «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери күнүмдүк оңдоп-түзөө иштеринен тышкары жазга даярдык көрүшөт.
Жашыл аянттардын бутактарынын салмагына негизинен катуу жаан-чачындар таасир этет. Ишкананын кызматкерлери жарандардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурушат. Ошондуктан, күз-кыш мезгилинде авариялык дарактарды санитардык бутоо жана кыюу иштери көбөйөт.
Борбор калаанын күнөсканаларында да иш кызуу жүрүп жатат. Кыш чилдеде гүл өстүрүүчүлөр бир жылдык гүлдөрдүн алгачкы уруктарын даярдап, себүүгө киришет. Аларды жаңы төрөлгөн балдардай карашат – азыктандырып, ар кандай ооруларга каршы дарылап, ден соолугуна ар тараптан кам көрүшөт.
«Бишкекжашылчарба» МИнин питомниктери келерки жылга себүүчү материалдардын резервдеринин кампасы болуп саналат. Алар шаардын бак-дарактарынын жашыл мейкиндигине кам көрүшөт. Ишкананын жумушчулары үрөндү чогултуп, багып, көчөт болгонго чейин өстүрүшөт.
Ошондой эле, ишкананын кызматкерлери таштандыларды (майда бутактарды) мульча жасоо үчүн колдонушат, бул шаар бакчаларын көрктөндүрүүгө жардам берет.
Урматтуу шаар тургундары!
«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы ар дайым сунуштарга ачык жана сиздерди шаардын жашыл аянтчасына кам көрүүгө чакырат.
Эгерде Сиз Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушуна күбө болсоңуз, анда Колл-борборго 0554 18 21 85 телефону аркылуу кайрылыңыз.