Ленин районунун билим берүү уюмдарында өспүрүмдөр арасында тамеки тартууга каршы күрөшүү боюнча рейддер өткөрүлдү.

Рейдке Ленин райондук билим берүү борборунун  башчысы, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын  башчысынын милдетин аткаруучу, Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү катышты.

Мектептин аймактарын, атап айтканда ашканаларды, дааратканаларды, фойелерди текшерүүдө мыйзам бузуулар аныкталган жок.

Рейддик иш-чаралар бекитилген пландын негизинде улантылат.