Ала-Тоо аянтындагы стихиялуу сооданы болтурбоо максатында Биринчи май акимиатында пландуу жыйын өттү.


Жыйынга Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматбашкармалыгынын, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын, борбор калаанын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын, ошондой эле №12, 13 МАБдын өкүлдөрү катышты.


Жыйындын жыйынтыгында төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:


- Бишкек шаарынын МККБ  тарабынан күн сайын саат 18:00дөн 24:00гө чейин мыйзамсыз автопоезддердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана алардын Чүй проспектисинен, ошондой эле борбордук көчөлөрдөн чыгып кетүүсүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүү үчүн атайын эки бригада бөлүнсүн;


- “Бишкекжарык” ишканасы борбордук Ала-Тоо аянтындагы электр тармактарына мыйзамсыз кошулууларды алдын алуу максатында саат 18:00дөн 24:00гө чейин эки кызматкерди бөлүп берсин;


- Биринчи май РИИБ тарабынан Ала-Тоо аянтында стихиялуу сооданын алдын алуу боюнча шаардык кызматтарга көмөк көрсөтүү, ошондой эле рейддин катышуучуларына кол салуу фактылары аныкталса, колдонуудагы мыйзамдардын чегинде чараларды көрүү  жүктөлсүн.